2-апрелге карата аба ырайы

2-апрелде түнкүсүн өлкөнүн дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Шаршембиде күндүз республиканын тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 14…19, Талас өрөөнүндө 15…20, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 20…25, Ысык-Көл жеринде 11…16, Нарын чөлкөмүндө 12…17 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 17…19, Ош шаарында 23…25 градусту көрсөтөт.
Жума этегинде жаан жаайт. Бир аптага аба ырайынын божомолу