Республика боюнча 1 млн 585 миң абоненттин 509 миңине акылдуу эсептегичтер акысыз орнотулду. Бүгүнкү күндө “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасы өлкө боюнча жалпысынан 1 млн 585 миң абонентти тейлейт. Анын 120 миң абоненти калк эмес категориядагы жеке өндүрүштүк ишкана-мекемелер. Ал эми 1 млн 465 миң калк категориясындагы абоненттер экенин мейманыбыз Исабек Орозбаев билдирди.