БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Кастык маанайдагы мамлекеттер миграциялык маселелерди Россиянын кызыкчылыгына доо келтиргендей кылып пайдаланууга аракет кылып жатышат. Бул туурасында РФтин Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Александр Гребенкин айтканын РИА Новости жазды.
Алардын ойлоп табылган шылтоо менен эмгек мигранттарын, диаспораларды нааразылыктарга тартууга умтулуп жаткандыктары айтылган. Мында полициянын "мыйзамсыз иштери", жашоо шарттын начардыгы жана айлыкты өз учурунда бербей коюу деген "куралдар" пайдаланылары белгилеген.
"Башка жагынан алып караганда, аудиторияга таасир берүү үчүн чет өлкөлүктөрдүн топ-тобу менен тартип бузгандары, жасаган кылмыштары — миграциялык мыйзамдардын жана жалпы кабыл алынган нормалардын сакталбаган учурларын да колдонушат", — деген ал.