Учак коно алат. Травматология жана ортопедия борборунун имараты курула баштады

Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Бишкекте Травматология жана ортопедия улуттук борборунун жаңы имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Дайырбек Орунбеков кабарлады.
Маалыматка караганда, курулушка президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев капсула салган.
Анын айтымында, беш блоктон турган борбордун аянты 34 миң 500 чарчы метрди түзүп, жер астындагы жана үстүндөгү унаа токтотуучу жайлары каралган. Чатырда тик учак конуучу аянтча курулуп, санитардык авиация аркылуу бейтаптарды шашылыш жеткирүүгө шарт түзүлгөн. Борбордо 11 бөлүм иштейт, алардын ар биринде 40тан орун бар. Жалпысынан борбор 440 орунга ылайыкталган.
Кара-Балтада 15 кабаттуу ири турак жай комплексинин курулушу башталды