Таласта жер титирөөдөн 48 үй жабыркады. Жарымынан көбү камсыздандырылган

Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Мурдагы күнү таңга маал Таласта болгон жер титирөөдөн 48 үй жабыркаган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, жарака кеткен 48 турак үйдүн 31и камсыздандырылган.
Жарака кеткен үйлөр Талас районунун төмөнкү аймактарында:
Көпүрө-Базар айылында — 26;
Арал айылында — 12;
Үч-Эмчек айылында — 2;
Талды-Булак айылында — 6;
Манас айылында — 1;
Көк-Ой айылында — 1.
Эске салсак, Кыргызстанда 28-март күнү таңга маал жер силкинип, Таластын Көпүрө-Базар айылында 6 баллга жеткени айтылган. Ал эми Бишкекте 4 балл сезилген.
Эмнеге сел жүрүп, жер көчөт, алдын ала билүүгө мүмкүнбү? Окумуштуулардын маеги