БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Түштүк-Чыгыш Азиядагы жер титирөөдөн жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок.
ТИМден билдиришкендей, Индия жана Малайзиядагы элчиликтер Мьянма, Таиланддагы дипөкөлчүлүктөр жана Бангкоктогу диаспора менен байланышта болууда.
Министрлик ыкчам байланыш үчүн төмөнкү номерлерге байланышууну суранды:
Мьянмадагылар үчүн Кыргызстандын Индиядагы элчилиги +919599921779 (WhatsApp);
Таиланддагылар үчүн Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги +919560118267 (WhatsApp).
Эске салсак, 28-мартта Түштүк-Чыгыш Азияда кыйратуучу жер титирөө болгон. Анын магнитудасы 7,7ге жетип, жердин силкинүүсү Бангладеш, Лаос жана Кытайда сезилген. Апааттан Мьянмада 1,6 миңден ашык, ал эми Бангкокто 14 адам каза болгон.