30-мартка карата аба ырайы

30-мартка караган түнү айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Жекшембиде күндүз тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +9...+14, Талас аймагында +8...+13, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +13...+18, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө +5...+10 градус жылуу болот.
Борбор калаа Бишкекте күндүн табы +10...+12, Ош шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн +15...+17 градус жылуу болот.
Радио
Сыдыков: кант кызылчасын айдаган фермерлер менен келишимдер өзгөрөт