Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин: Украинага БУУнун эгидасы менен убактылуу тышкы башкаруу киргизсе болот

Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Украинага БУУнун эгидасы менен убактылуу тышкы башкаруу киргизсе болот. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин билдиргенин РИА Новости жазды.
Мурманскиге болгон иш сапарынын алкагында суу алдында жүрүүчү өзөктүк "Архангельск" крейсеринин экипажы жолугуп жатып россиялык лидер эл аралык тажрыйбада тышкы башкарууга жол берилерин, бул украин көйгөйүн жөнгө салуучу сүйлөшүүлөрдүн мыйзамдулуугун камсыздоого мүмкүндүк берерин белгилеген.
Путин БУУнун эгидасы менен тышкы башкаруу кирген Тышкы Тимор, Жаңы Гвинея, мурунку Югославиянын бөлүктөрүн мисалы келтирди.
"Негизинен БУУнун эгидасы жана АКШ менен биргеликте, керек болсо бизге көзү түз европалык мамлекеттер менен Украинага убактылуу тышкы башкаруу киргизүү мүмкүнчүлүгүн талкуулап көрүүгө болот. Бул демократиялык шайлоо өткөрүп, бийликке элдин ишенимине ээ болгон өкмөттү алып келип, ошондон кийин гана тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү баштап, дүйнө тааный турган мыйзамдуу документке кол коюу үчүн керек", — деди Путин.
Президент бул абалдан чыгуу жолдорунун бири гана экенин белгилеген.
"Башка вариант жок дегенден алысмын. Бул бири гана. БУУнун тарыхында мындай тажрыйба бар", — деди РФ лидери.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина Байден болбосо дүйнө көңүлүн мынчалык бура алмак эмес. Лавровдун маеги