БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин эки мугалими иштен айдалып, 153 студент окуудан чыгарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, мындан башка дагы 14 педагог менен жооптуу кызматкерлер дисциплинардык жазага тартылган.
"Окуудан чыгарылган 153 студенттин 112си КМШ өлкөлөрүнүн жарандары болуп саналат", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, февраль айында аталган окуу жайдын эки мугалими окуу мезгилинде башка мамлекетте жүргөн чет өлкөлүк студенттерден акча алып, аларга баа коюп жүргөнү кабарланган. Бул боюнча "Кызматтык жасалмачылык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, С.У.Ж. жана А.А.Е. аттуу эки мугалимден сыртка чыкпоо боюнча тил кат алынган. Иликтөө иштеринин жыйынтыгы боюнча аталган мугалимдер иштен алынды.