Кыргызстанда таңга маал жер титиреп, күчү очогунда 6 баллга жеткени айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Кыргызстанда таңга маал жер силкинип, күчү очогунда 6 баллга жетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер саат 4:42де титиреген. Очогу Казакстандын аймагында экени айтылды.

"Жер титирөө Талас районунун Көпүрө-Базар айылында 6 балл, Бишкек шаарында болжол менен 4 баллга (Көпүрө-Базар айылынан 18 чакырым түндүктө, 135 чакырым түштүк-батышка чейин) сезилген", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле 7:17де Жалал-Абаддын Аксы районундагы Аркыт, Жылгын, Тегирмен-Сай, Жол-Сай, Итагар айылдарында 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Очогу Тегирмен-Сай айылынан 10 чакырым түндүк-батышта, Аркыт айылына 17 чакырым түштүк-батышта болгон.
Министрликтин маалыматы боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.
Эмнеге сел жүрүп, жер көчөт, алдын ала билүүгө мүмкүнбү? Окумуштуулардын маеги