Санариптик өнүктүрүү министри ID-картаны онлайн-арыз аркылуу алды

Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Кыргызстандын санариптик өнүктүрүү министри Азамат Жамангулов биринчилерден болуп ID-картаны онлайн-арыз аркылуу алды.
“Менин жаңы ID-паспортумду “Кыргыз почтасы” ААКсынын кызматкерлери жасап, түз эле кеңсеге алып келишти”, — деп Жамангулов соцтармакка жазды.
Буга чейин президент Садыр Жапаровго "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин IT-борборуна барганда ID-картаны алмаштырууга арызды онлайн тапшыруу функциясы көрсөтүлгөн.
Радио
Жусумамбетова: электрондук кызматтар элдин убактысын, акчасын үнөмдөөдө