Пресс-борбор

ЖМКдагы маалыматты кантип кызыктуу кылса болот? Бишкектеги мастер-класс

Sputnik
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. "Россия сегодня" медиатобунун жаңы медиадирекциясынын жетекчисинин орун басары Артем Буфтяк ЖМКдагы маалыматтарды кантип кызыктуу баяндоо керектигин айтып берди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин SputnikPro долбоорунун алкагында өткөн мастер-класста сүйлөдү.
Адистин айтымында, окуяны маалымат эмне үчүн баалуу экенин түшүндүрүү менен башташ керек.
"Мисалы, шаардагы электр унаалары үчүн алгачкы заряддоо станциясын орнотуу жөнүндө жазып жатсаңыз, дизель менен жүргөн автолор экология менен элдин ден соолугуна кандай зыян келтирери тууралуу фактыларды дагы табыңыз. Башкача айтканда, адамга бул маалымат эмне үчүн тийиштүү экенин жеткирүү керек", — деди Буфтяк.
Эксперт ички сезимге ишенүүгө чакырды.
"Мен сиздерге буга чейин окуяны мыкты баяндоонун жолдорун айтып бердим. Бирок анын баары дайыма эле бир учурда колдонула бербейт. Эгер ички туюмуңуз үч катуу структураны колдонуунун зарылдыгы жок экенин айтса, анда колдонбоңуз. Жакшы окуяны тийиштүү ыкмаларды колдонбостон жазууга болот. Эгер баарын өзүңүз жасай аларыңызды сезип жатсаңыз, анда алга", — деди адис.
SputnikPro — бул өз тармагынын адистери билими, иш тажрыйбасы менен маалымат катчы, журналист жана ЖОЖ студенттери менен бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс. Долбоор 2018-жылдын жаз айларында башталып, Беларусь, Азербайжан, Армения, Грузия жана Кыргызстандын медиа айдыңында жогорку баага татып келет.
2018-жылдан бери бетме-бет жолугушуулар 24 өлкөдө жана 80ден ашуун онлайн режиминде өткөрүлдү. SputnikPro катышуучуларынын саны 12 700дөн ашат.
Пресс-борбор
Медиаэксперт окуяны баяндоонун артыкчылыктарын студенттерге айтып берди