БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Украина абал жөнгө салынгандан кийин өз жеринде тынчтык орнотуучуларды эмес, согушууга жөндөмдүү чет элдик аскер адамдарын көргүсү келет. Бул тууралуу Владимир Зеленскийдин кеңсе башчысынын орун басары Игорь Жовква Франс Пресс агенттигине маек куруп жатып билдиргенин РИА Новости жазды.
"Жөн эле келип тургандын бизге кереги жок. Куралы жок көк каскаларга же ушул сыяктууларга муктаж эмеспиз. Саны эмес, алардын согушууга, коргонууга даярдыгы керек. Колуна курал алууга даяр болушу керек. Эң башкысы, алар Украина европалык коопсуздуктун ажырагыс бөлүгү экенин түшүнүүсү зарыл", — деген ал.
Анткен менен Жовква Киев кагылышуу жүрүп жаткан жерде чет элдик аскерлер болбой турганын жакшы түшүнөрүн кошумчалады. Ал Европа өлкөлөрүнүн аскер күчтөрү Украинанын Беларусь менен болгон чек арасын коргоого жардам бере алмактыгын божомолдоду.
"Эл аралык күчтөрдүн Львовдо жайгашуусунун бизге кереги жок", — деген Жовква.
Эскерте кетсек, 6-март күнү Россия ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Украинага тынчтык орнотуучулардын кириши боюнча маселеде компромисске келүү мүмкүнчүлүгү жок экенин билдирген. Министрдин айтымында, эгер чет элдик контингент жайгашып кала турган болсо, Батыш мамлекеттери тынчтык орнотуунун шартын талкуулоодон баш тартып коет.
Буга чейин британиялык премьер-министр Кир Стармер Украинага тынчтык орнотуучуларын киргизип, Киевге коопсуздук кепилдигин берүүгө даяр мамлекеттердин тобуна 30дан ашуун өлкөнүн кирери күтүлүп жатканын айткан.
Россиянын Тышкы чалгын кызматынын маалымат бюросу былтыр Батыш Украинанын согушууга жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү үчүн өлкө аймагында 100 миң кишиден турган тынчтык орнотуучу контингентти жайгаштырарын кабарлаган. Чалгын кызматынын айтымында, бул Украинанын оккупациясын шарттайт. РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков тынчтык орнотуучуларды каршылашкан эки тараптын макулдугу менен гана жайгаштыруу мүмкүн экенин белгилеген болчу. Ал Украинага аларды киргизүү тууралуу айтууга азырынча эрте экенин кошумчалаган.