БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. АКШнын экс-президенти Жо Байден Украина темасын эл аралык күн тартибинин башына жасалма түрдө алып чыкты, чынында маселе ага татыган эмес. Бул тууралуу РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров Биринчи каналга маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Россиянын атайын операциясына өтө эле аша чапкан реакция жасалды. Анткени Москва кооптуулугуна коркунуч жаралып жатканын 10 жылдан бери эскертип келген.
Лавров Байдендин тушунда Россия менен АКШнын мамилеси акылга сыйбаган мүнөздө болгонун белгиледи.
"Байдендин мезгилинде баштан кечиргенибиз — аномалия. Бул Байдендей тажрыйбалуу саясатчыларга аброй алып келбейт. Ал дал ушул тажрыйбасы менен дайым сыймыктанып келген эле да. Бакчадагы балдардай болуп "сени менен ойнобойм" дештин өзү — аңкоолук. Азыр алаканын жанданышы — кадыресе абалга кайтуу. Мындай диалог зарыл. Анын үстүнө жалгыз Украина талкууланган жок", — деди Лавров.
Белгилей кетсек, Россия менен АКШнын кезектеги сүйлөшүүсү 24-мартта өтүп, 12 саатка созулган.
Кремль сүйлөшүүдө негизинен Кара деңиздеги кемелердин коопсуздугу боюнча маселелер талкууланып, "Кара деңиз демилгесин" ишке ашырууну камсыздоо макулдашылганын билдирди. Ал келишим Россельхозбанктан санкциялар алынгандан кийин күчүнө кириши керектиги айтылган. Андан сырткары, сүйлөшүүдө Москва менен Вашингтон энергетика жана деңиз тармагындагы келишимдерди ишке ашырууну колдоого багытталган үчүнчү өлкөлөрдүн кызматтарын кубаттай турганын айтышкан.