Айыл чарба министрлиги Баткенге мандарин өстүрүп көрүүнү пландап жатат

Мандарин өстүрүү. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Баткенде мандариндин жаңы сортторун сыноо пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, суукка чыдамдуу көчөттөр Түркиядан алып келинет.
"Сыноонун алкагында түрк мандарининин сортторун Баткен облусунун климаттык шартына ыңгайлашуусун, төмөнкү температурага туруктуулугун жана потенциалдуу түшүмдүүлүгүн баалоо пландаштырылууда", — деп айтылат маалыматта.
Сыноо ийгиликтүү өтсө өндүрүштү жолго коюуга мүмкүнчүлүк түзүлүп, ички рынокту жергиликтүү продукциянын ассортиментин кеңейтүүгө шарт түзүлөрү кошумчаланды.
Жүн. Архивдик сүрөт
Жүндөн жасалган жер семирткичтер сыноодон өткөрүлүүдө