Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россиялык журналисттер Украина армиясынын аткылоосунан каза тапты

РФтин Тышкы иштер министрлиги. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү кечинде Украина армиясынын ракеталык аткылоосунан "Известия" басылмасынын журналисти Александр Федорчак, "Звезда" телеканалынын оператору Андрей Панов, топтун айдоочусу Александр Сиркели Луганскиде каза тапты. Мындай кабарды басылмалар Telegram каналынан билдиришкен.
Маалыматка таянсак, Украинанын Куралдуу күчтөрү эки HIMARS ракетасы менен жарандык автоунаага чабуул жасаган. "Звезда" телеканалынын кабарчысы Никита Гольдин оор жаракат алган. Жабыркагандардын арасында журналисттерден сырткары жай жарандар (жашы жете электер да) бар экени айтылды. 14 жаштагы өсүпүрүм да ооруканага жеткирилген.
Мындан сырткары, ушул эле күнү ТАСС агенттигинин кабарчысы Михаил Скуратов Курск облусунун Суджа районунда жарадар болгон.
РФтин Тышкы иштер министрлиги бул кадамды катуу айыптады.
"Киев бийлиги биз мурда бир нече ирет айтып келгендей россиялык жарандар менен энергетикалык объектилерге эле террорчулук кылып жаткан жок. Эми кезектеги чабуулун куралсыз, кесиптик милдетин аткарып жүргөн россиялык ЖМКлардын өкүлдөрүнө жасады", — деген ТИМ өкүлү Мария Захарова.
Ал терактылардын саны улам өсүп жатканын белгилеген.
"Украиналык неонацисттердин россиялык журналистттерге кол салышы алар кылчактабай туруп жай жарандарга карата кылмыштарга бара тургандыгын дагы бир ирет таамай тастыктап берди", — деп кошумчалаган ал.
РФ Тергөө комитети журналисттердин каза тапканы боюнча иш козгоду.
БУУнун Башкы катчылыгынын кеңсесинен журналисттердин аткыланышы, өлтүрүлүшү дыкаттык менен иликтениши керектигин айтышты.
Ал эми РФтин БУУдагы өкүлчүлүгү Россия аталган журналисттерге кол салуу боюнча маселени Коопсуздук кеңештин Украина боюнча отурумунда көтөрө тургандыгын билдирди.
Курск облусундагы Суджа газ өлчөө станциясында вентили бар түтүк. Архив
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина Куралдуу күчтөрү "Суджа" газ өлчөөчү станциясын жардырды