Россия менен АКШнын эксперттик топторунун жолугушуусундагы негизги учурлар

Москвадагы Кремль. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Кремль Россия менен АКШнын эксперттик топторунун Эр-Рияддагы жолугушуусунун жыйынтыгын жарыялады.
Урунттуу учурлары:
Россия менен АКШ "Кара деңиз демилгесин" ишке ашырууну камсыздоону макулдашты. Ал келишим Россельхозбанктан санкциялар алынгандан кийин күчүнө кириши керек;
АКШ Россияга айыл чарба азыктарын жана жер семирткичтерди экспорттоо үчүн дүйнөлүк рынокко чыгуу иштерин калыбына келтирүүгө жардам берет;
Өлкөлөр узак жана бекем тынчтыкка жетүү үчүн ишти мындан ары да улантат;
Россия менен АКШ Украина боюнча энергетикалык объектилерге кол салууга тыюу салуу боюнча келишимдерди иштеп чыгууну макулдашты;
Москва менен Вашингтон энергетика жана деңиз тармагындагы келишимдерди ишке ашырууну колдоого багытталган үчүнчү өлкөлөрдүн кызматтарын кубаттайт.
Сүйлөшүүлөр 24-мартта өтүп, 12 саатка созулган. Лавров сүйлөшүүдө негизинен Кара деңиздеги кемелердин коопсуздугу боюнча маселелер талкууланганын билдирген.
АКШнын президенти Дональд Трамп
АКШда Трамптын Украинага болгон мамилеси кандай экенин айтышты