Жапаров кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди ратификациялады

Президент Садыр Жапаров жана Тажикстан президенти Эмомали Рахмон
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Келишимге 13-мартта Бишкекте кол коюлуп, алты күндөн кийин Жогорку Кеңеш аны ратификациялоону жактырган.
“Эки өлкөнүн ортосундагы чек ара боюнча келишим туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылууга багытталган”, — деп президенттин маалымат кызматы белгилеген.
Эске салсак, аталган документтерге 13-мартта Бишкекте эки өлкөнүн президенттери кол койгон.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жолдор кандай пайдаланылары айтылды