Садыр Жапаров Бишкектин мэрин кабыл алды. Талкууланган маселелер

Садыр Жапаров Бишкектин мэрин кабыл алды
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевди кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Жолугушууда президентке шаардын транспортун өнүктүрүү стратегиясы тууралуу маалымат берилди. Ага ылайык, быйыл жалпы узундугу 42 чакырымдык сегиз негизги жолду реконструкциялоо пландаштырылууда.
"Манас" аэропортуна кеткен жол реконструкцияланып, төрт жаңы автожол, анын ичинде Жибек Жолунун "дублеру" курулуп, Аламүдүн дарыясына үч көпүрө салынат. Мындан тышкары, экологиялык стандартка жооп берген 250 автобус алуу мерчемделүүдө. Коомдук транспортту модернизациялоонун жалпы бюджети 8,2 миллиард сом", — деп айтылат маалыматта.
Президент каналдардын жээктерин жакшыртуу иштерин тездетүүнү тапшырды. Ал ошондой эле жолдорду курууга 4,5 миллиард сом жана таштандыларды иргөө системасын өнүктүрүүгө 100 миллион сом бөлгөнү кошумчаланды.
Открытие нового здания государственного учреждения Кызмат
Садыр Жапаров "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин жаңы кеңсесин ачты