"Жоогазын революциясынан" бери 20 жыл өттү. Архивдик сүрөттөр

Мындан 20 жыл мурун Кыргызстанда мамлекеттик төңкөрүш болуп, аны "жоогазын революциясы" деп аташкан. Sputnik агенттигинин сүрөт түрмөгү ошол күндөрдүн архивдик кадрларын сунуштайт.
Sputnik
Март айынын башынан бери республиканын түштүгү Жалал-Абадда жана Ошто массалык митингдер өткөн. 20-марттан кийин шаар администрацияларынын жана аэропорттун имараттары басып алынган. Митингчилердин талабы президент Аскар Акаевди кызматтан кетирүү эле.
Төңкөрүштүн натыйжасында Аскар Акаев үй-бүлө мүчөлөрү менен Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгон.
1 / 17

Президент Аскар Акаевдин кызматтан кетишин талап кылган Оштогу митингчилер

2 / 17

Ошто митингчилер президенттин сүрөтү өрттөнүп жаткан билборддун жанынан өтүп баратышат

3 / 17

Ош шаардык мэриянын имаратын басып алган оппозиция

4 / 17

Жалал-Абаддагы митингчилер

5 / 17

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Бишкектин борборунда оппозиция тарапкерлерин кармашты

6 / 17

Тартип сакчылары баш калаада оппозициянын өкүлдөрүн кармап жатышат

7 / 17

Бишкектеги Өкмөт үйүнүн жанына келген митингчилер

8 / 17

"Ала-Тоо" аянтында митингчилер менен өкмөттүн тарапташтары кагылышты

9 / 17

Демонстранттар күйүп жаткан унааны оодарып салышты

10 / 17

Бишкектин борборундагы митингдин катышуучулары

11 / 17

Оппозиция лидерлеринин бири Алмазбек Атамбаев баш калаадагы митингде

12 / 17

ОМОНдун калканчтарынан жасалган тосмо

13 / 17

Ал күнү бир канча унаа өрттөнгөн

14 / 17

Митингчилер менен укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ортосундагы кагылышуу

15 / 17

Бишкектеги Beta Stores соода борборунун жанында куралчан милиционер мародерлорду кууп баратат

16 / 17

"Ала-Тоо" аянтындагы митинг

17 / 17

Муниципалдык кызматкерлер борбордогу башаламандыктын кесепеттерин жоюуда