БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинде 913 миллион сомдук каржылык эреже бузуу аныкталды. Бул тууралуу Эсеп палатасы кабарлады.
Маалыматка караганда, аудит 2022-2023-жылдарга карата бюджеттин аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн. Анда процедуралык эреже бузуу 509 168,8 миң сомду, каржылык эреже бузуу 403 993,9 миң сомду түзгөн.
"Президенттин резервдик фондунан бөлүнгөн 300 миллион сомдун ичинен 33,5 миллион сому максатсыз сарпталган. Ал эми 62,9 миллион сомдук мүлк жана товарлар бухгалтердик баланска киргизилбей калган. Финансылык документтерди туура эмес жүргүзүү жана дебитордук карыздарды жашырууда 29 миллион 261,4 миң сом ачыкка чыккан. Мындан тышкары, мамлекеттик сатып алуулар 84,4 миллион сомго тиешелүү жол-жоболорсуз жүргүзүлгөн", — деп айтылат маалыматта.
Аудиттин жүрүшүндө 120 миллион сомдой каражат калыбына келтирилиши зарыл экени аныкталып, 56,7 миллион сому кайтарылганы кошумчаланды.