Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Россияга каршы даярдалган нацисттер". Лавров Киевдин азыркы жетекчилиги тууралуу

РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров Киев бийлигин Европаны Россияга каршы согушка бурууга атайылап даярдалган нацисттер деп атады. А.М.Горчаков атындагы Элдик дипломатияны колдоо фондунун камкорчулар кеңешинин жыйынында сүйлөгөн министр Москва Украинаны денацификациялоо милдетинен баш тартпай турганын айтты.
"Орус маданиятын, тилин, ЖМКсын, православиесин мыйзам чегинде жок кылып жаткан Киев режиминин көзөмөлүндөгү мамлекетти денацификациялоону көз жаздымда калтырбайбыз... Бул бүтүндөй Европаны Россияга каршы согушка буруу үчүн атайылап даярдалган нацисттер", — деди Лавров.
Министр Украинада оруска байланыштуу нерсенин баарын жокко чыгаруу БУУ Уставы менен Киевдин эл аралык милдеттемелеринин бузулушу экенин белгилеген. Лавровдун айтымында, буга Европа мамлекеттери шыкакчы болууда.
Эскерте кетсек, РФ президенти Владимир Путин январда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында Украинадагы жаңжалды жөнгө салуунун максаты Украина Куралдуу күчтөрүнүн күчтөнүп алуусуна жол бере турган кыска мөөнөттүү элдешүү эмес, узакка созулчу тынчтык болушу керектигин билдирген. Анын айтымында, Россия бийлиги россиялыктардын кызыкчылыгы үчүн күрөшүүдө, атайын операциянын максаты дал ушунда. Путин Украинадагы тынчтык "региондо жашаган бардык элдердин, бардык адамдардын мыйзамдуу кызыкчылыгын урматтоонун" негизинде орношу керектигин белгилеген болчу.
АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Стивен Уиткофф
Уиткофф Россия менен АКШнын сүйлөшүүлөрүнөн эмне күтүп жаткандыктарын айтты