Уиткофф Россия менен АКШнын сүйлөшүүлөрүнөн эмне күтүп жаткандыктарын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. АКШ Сауд Арабиясында бүгүн боло турган сүйлөшүүлөрдөн сезилерлик прогресс күтүп жатат. Бул туурасында АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Стивен Уиткофф айтканын РИА Новости жазды.
"Дүйшөмбүдө Сауд Арабиясында болгон сүйлөшүүдөн кадимки прогрессти көрөсүздөр. Бул өзгөчө Кара деңизге, эки өлкөнүн ортосундагы кемелерди аткылоону токтотуу маселесине тиешелүү. Албетте, мындан улам согуш оту толук өчөт", — деген ал.
Эске салсак, бүгүн Эр-Риядда кезектеги эки тараптуу сүйлөшүү болмокчу.
Кара деңиз маселеси РФ менен АКШнын президенттери Владимир Путин жана Дональд Трамп телефондон сүйлөшкөндө көтөрүлгөн.
Эр-Риядга Россиянын делегациясын Федерация кеңешинин эл аралык иштер боюнча комитетинин башчысы Григорий Карасин жана ФСБ директорунун кеңешчиси Сергей Беседа алып барары айтылды. Кремлдин маалымат берген өкүлү бул сүйлөшүүдө Кара деңиз маселесинен сырткары Украинадагы чатакты жөнгө салуу боюнча башка маселелер да талкууланарын билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ: Украина маселесиндеги кепке келүүнүн бардык тараптары Жиддада сүйлөшүлөт