БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Шейшембиде күндүз тоолуу райондорго кар түшүп, өрөөндөрдө жаан жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +8...+13, Ош, Жалал-Абад, Баткен өрөөндөрүндө +11...+16, Ысык-Көл, Талас жана Нарын облустарында +7...+12 градус жылуу болот.
Борбор калаада түнкүсүн жамгыр жаайт. Күндүз түшкө чейин жаан жаап, +9...+11 градус жылуу болсо, Ош шаарында күндүн табы +14...+16 градуска чейин көтөрүлөт.