БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Ак үйдүн башчысы Дональд Трамп Украинаны АКШнын вассалдык (көз каранды) мамлекети деп эсептейт. Бул тууралуу CNN саясат таануучу Марк Галеоттинин айтымына таянып кабарлаганын РИА Новости жазды.
"Трамптын көз карашы боюнча, Украина — сатылган, акча төлөнгөн, көз каранды, вассалдык мамлекет", — деген саясат таануучу.
Галеотти АКШ Россия менен жең ичинен кандайдыр бир келишим түзүп, Украинага кийин айтып коерун кошумчалаган.
Шаршемби күнү Трамп Москва менен Киевдин сүйлөшүү позицияларын жакындатуу тууралуу Владимир Зеленский менен телефондон бир саатка чукул сүйлөшкөн. Ак үйдүн маалымат катчысы Каролин Левитт анда АКШ башчысы Украинанын коопсуздугун камсыздоо боюнча жаңы сунуштарды көтөргөнүн айткан.
Анын алдында эле Трамп РФтин президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Анда эки өлкө лидерлери Украинадагы аскердик жаңжалды жөнгө салуу маселесин талкуулашып, мамилелерди жөнгө салууга кызыкдар экенин билдиришкен.