ТИМ: Вьетнамда кыргызстандык оор жаракат алып ооруканага түшкөн

Ооруканадагы киши
Sputnik
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Кыргызстандык киши Вьетнамда эс-учун жоготкон тейде табылып, ооруканага түшкөн. Бул тууралуу ТИМден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, С.А. аттуу 50 жаштагы кыргызстандык 19-мартта Нячанг шаарындагы мейманканалардын биринен эс-учун жоготкон абалда табылып, медициналык жайга жеткирилген.
"Алган жарааты күчөп кеткен, азыр абалы туруксуз. Хошимин шаарындагы ооруканага көчүрүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Кыргызстандын Кореядагы элчилиги жергиликтүү органдар менен кызматташып, жабыркаган жаранга керектүү жардамды көрсөтүп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Окуя дипломатиялык өкүлчүлүктүн көзөмөлүндө экенин кошумчалашты.
Аэропортто чемодан менен келин. Архив
Түркияда күйөөсүнөн жабыркаган аял уулу менен Кыргызстанга кайтып келди