БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин өлкө лидери Садыр Жапаров баштаган мамлекет башчыларын Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Кремлдин маалымат кызматы билдирди.
Путин куттуктоосунда "стратегиялык өнөктөштүктүн эки тараптуу кызматташуусу мындан ары да бекемделерине" ишеним арткан. РФ лидери Ноорузду белгилеген өлкөлөрдүн баарынын элине жакшылыктарды каалады.
Мындан тышкары, бүгүн, 21-мартта, президент Садыр Жапаров менен кыргыз элин Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Түркмөнстан, Сауд Арабия, Иран, АКШ жана Тажикстан мамлекеттеринин башчылары да куттуктаган.