Быйыл Ош шаарына жол оңдоого 2,7 млрд. сом бөлүнүп, 11 көчө жаңыланат

Жол оңдоо иштери. Архивдик сүрөт
Sputnik
БИШКЕК, 21-мар.— Sputnik. Быйыл Ош шаарына республикалык бюджеттен 2 миллиард 700 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу Садыр Жапаров Нооруз майрамы менен кыргызстандыктарды куттуктап жатып билдирди.
Каражатка шаардын 11 көчөсү тротуарлары, жашыл аймактары менен кошо капиталдык оңдоодон өтөт. Ошондой эле эскилиги жеткен жол оңдоочу техниканын ордуна жаңысы сатып алынат.
"Ал эми жалпы Ош облусунун жол инфратүзүмүн жакшыртууга өлкөнүн Турукташтыруу фондунан кошумча 4 миллиард сом бөлүндү. Бул каражатка аймактагы үч стратегиялык автожол: Өзгөн — Мырзаке — Кара-Кулжа, Ош — Баткен — Раззаков автожолунун Ноокат — Кызыл-Кыя бөлүгү жана Ош — Кара-Суу автожолу оңдолмокчу", — деди өлкө башчы.
Быйыл президент Ноорузду Ошто тосту.
Монорельс. Архив
Кытайлык компания менен Бишкекте монорельс куруу талкууланды