Россия менен АКШ делегациялары эми качан кайда жолугары айтылды

Россия менен АКШнын желектери. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Россия менен АКШ делегацияларынын кезектеги жолугушуусу 24-март күнү Эр-Рияд шаарында өтөт. Бул тууралуу РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдиргенин РИА Новости жазды.
Маалыматта россиялык топту сенатор Георгий Карасин менен ФСБ директорунун кеңешчиси Сергей Беседа жетектеп барары айтылган. Ушаков америкалык команданын курамы да белгилүү экенин кошумчалады.
"Боло турган сүйлөшүүлөр жемиштүү болот деген ишеничтебиз", — деген президенттин жардамчысы.
Россия менен АКШнын мамилесин жөнгө салуучу алгачкы жолугушуу 18-февралда өткөн. Ага Москва тараптан ТИМ башчысы Сергей Лавров менен президенттин жардамчысы Юрий Ушаков, ал эми Вашингтондон мамкатчы Марко Рубио, президенттин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Майк Уолц жана Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүл Стивен Уиткофф катышып, жолугушуу натыйжалуу болгон.
Россия лидери Владимир Путин. Архив
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин менен Трамп эки сааттан ашуун сүйлөштү. Кремль менен Ак үйдүн билдирүүсү