БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Россиянын элчилиги "Кыргызстандагы орус тили" (www.russian.kg) сайтын ишке киргизди.
Анда расмий тилди билүүнүн артыкчылыктары, кирилл алфавитинин азыркы кыргыз тили менен адабиятынын өнүгүшүндөгү орду тууралуу илимий фактылар, статистикалык маалыматтар камтылган.
Сайт өлкөдө орус тилин үйрөнүү боюнча курстар, гранттык программалар, мугалимдер үчүн методикалык колдоо тууралуу билдирип турат. Маалыматтар орус жана кыргыз тилдеринде болмокчу.
Элчилик бардык кызыкдар тараптарды ресурсту толтурууда кызматташууга чакырат.