БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Владимир Зеленский энергетикалык инфраструктуранын объектилерине сокку урбоо сунушуна оң баасын берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Биз энергетикага чабуул койбоо боюнча позицияны дайым колдоп келгенбиз", — деп жазган Киев режиминин жетекчиси.
Зеленский АКШ президенти Дональд Трамп менен Россия лидери Владимир Путиндин сүйлөшүүсүнөн кийин америкалык өлкөнүн башчысы менен сүйлөшө электигин, бирок телефон чалат деп күтүп жатканын белгилеген.
Эскерте кетсек, шейшемби күнү Путин менен Трамп телефондон эки саатка чукул сүйлөшкөн. Россия лидери тирешип жаткан эки тараптын энергетикалык инфраструктурасынын объектилерине 30 күнгө чейин сокку урбоо сунушун колдоп, дароо аскер адамдарына тиешелүү буйрук берген.
Лидерлер буга чейин 12-февралда пикир алмашкан, анда сүйлөшүү 1,5 саатка созулган болчу. Талкууланган бир катар маселелердин сап башында Украинадагы абал туруп, тараптар байланышты улантууну чечишкен.