БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. "Евразия" автономиялык коммерциялык эмес уюму орус тилин колдоо ассоциациясын түзөт. Бул тууралуу Россиянын агартуу министри Сергей Кравцов "Россия сегодня" медиатобунун маалымат борборунда өткөн тегерек столдо билдирди.
"Биз эч кандай мыйзам таңуулабайбыз. Болгону, орус тили — бул маданият, поэзия жана көп элдер баарлашкан тил экенин айтабыз. Орус тили бирикмесин түзүү достук өлкөлөр менен кызматташууда өтө маанилүү кадам болуп саналат. Бир эле Евразия эмес, Латын Америкасынын жана Африканын көптөгөн өлкөлөрү орус тилин үйрөнүүгө чоң кызыгуу көрсөтүп жатышат", — деди Кравцов.
Ал белгилегендей, бул салттуу руханий-адептик баалуулуктарды, билим берүү программаларын жана орус маданиятын изилдөөнүн инфраструктурасын жайылтуу аянтчасы болот.
Демилге алкагында КМШ өлкөлөрүндө орус тили жана маданият борборлору ачылып, анда мектеп окуучулары жана студенттер тил чөйрөсүнө аралашып, мугалимдер өз чеберчилигин жогорулата алышат.