Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россия: Украинага чалгын маалыматтарын берүү токтотулушу керек

Украиналык аскер кызматкерлер Запорожье облусунда
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. РФ президенти Владимир Путин Украина чатагын саясий-дипломатиялык жактан чечүүнүн маанилүү шарттарынын бири аталган өлкөгө аскердик жардам менен чалгын маалыматтарын берүүнү толук токтотуу экенин айтты.
Бул туурасында Кремлдин РФ жана АКШ президенттери Владимир Путин менен Дональд Трамптын телефондон сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы боюнча тараткан билдирүүсүндө айтылган.
"Чатактын мындан ары ырбап кетпеши жана кырдаалды саясий-дипломатиялык жактан чечүү иштерин жүргүзүү үчүн маанилүү шарттардын бири — Киевге аскердик жардам менен чалгын маалыматтарын берүүнү толук токтотуу", — деп айтылган анда.
Эске салсак, кечээ Путин менен Трамп телефондон эки сааттан ашуун сүйлөшүп, бир катар маселелерге токтолгон. Дүйнөлүк ЖМКлар баарлашуу "абдан жакшы" өткөнүн кабарлады. Кремль менен Ак үй билдирүү таратып, Россия менен АКШнын мамилесинин келечеги "ири экономикалык келишимдерди" жана геосаясий стабилдүүлүктү камтый турганын белгилешти.
Сауд Арабияда Жидда шаары. Архив
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ: Украина маселесиндеги кепке келүүнүн бардык тараптары Жиддада сүйлөшүлөт