БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүнүн кээ бир жагдайлары жекшемби күнү Сауд Арабияда талкууланып, иштелип чыгат. Бул туурасында АКШнын атайын өкүлү Стив Уиткофф Fox News телеканалына билдиргенин РИА Новости жазды.
"Албетте, бир катар жерлерин аягына чейин иштеп чыгышыбыз керек, иш жекшембиде Жидда шаарында башталат. Мындан соң согушту толугу менен токтотууга өтөбүз. Ага жетиш үчүн зарыл болуп турган кечээки сүйлөшүү эң сонун өттү", — деген ал.
Уиткоффтун айтымында, АКШнын президенти Дональд Трамп Россия лидери Владимир Путин менен сүйлөшүп жатканда эки тарапка тең туруктуу жана түбөлүк тынчтык керектигин баса белгилеген. Чабарман муну Россия да колдогондугун кошумчалаган. Америка лидеринин атайын өкүлү элдешүү келишими энергетикалык объектилерге эле эмес, жалпы инфраструктурага да сокку урууну токтотуу маселесин камтый турганын айткан.
"Бул энергетикага эле эмес, жалпы инфраструктурага тиешелүү. Ал 30 күндүк кепке келүүнүн бөлүгү болмокчу", — деген Уиткофф.
Муну менен катар эле ал тараптар бул жаатта да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгын белгиледи.
Эске салсак, кечээ эки президент телефондон эки сааттан ашуун сүйлөшүп, бир катар маселелерге токтолгон. Дүйнөлүк ЖМКлар баарлашуу "абдан жакшы" өткөнүн кабарлады. Кремль менен Ак үй билдирүү таратып, Россия менен АКШнын мамилесинин келечеги "ири экономикалык келишимдерди" жана геосаясий стабилдүүлүктү камтый турганын белгилешти.