ЖК депутаттары кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча келишимди колдоду

Жогорку Кеңештин депутаттары
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча келишимди колдоду.
Бул боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев баяндама жасап, алгач парламенттин 6 комитети колдоду.
Андан кийин Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында "Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара жөнүндө" келишим, "Автомобиль жолдорун куруу жана пайдалануу, автомобиль жолдорунун кесилишин жабдуу жана пайдалануу жөнүндө" жана "Суу чарба жана энергетика объектилерине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча" макулдашууларды ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорлору каралды.
Натыйжада жыйынга катышкан 87 депутаттын 86ы "макул", бир эл өкүлү "каршы" добушун берди. Белгилей кетсек, Тажикстандын парламенти чек ара боюнча макулдашууну кечээ, 18-мартта, ратификациялаган.
Эске салсак, аталган документтерге 13-мартта Бишкекте эки өлкөнүн президенттери кол койгон.
Головной суу бөлүштүрүүчү жайы. Архив
"Головнойдун" 1,5 шлюзу үчүн Кыргызстанга өткөн 750 гектар жер көрсөтүлдү