БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Жамааттык Батыш Борбор Азияны чайпоо аракеттерин эч качан токтоткон эмес. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын депутаты, Федерация кеңешинин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Андрей Климов билдирди.
Сенатор Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн "Евразиядагы коопсуздук — көйгөйлөр жана чечимдер" деп аталган видеокөпүрөдө сүйлөгөн.
Журналист Климовдон Россия менен Украина тынчтыкка келсе, Батыш Борбор Азиядагы кырдаалды чайпоого аракет кылат деген кептерге пикирин сураган. Депутаттын айтымында, Борбор Азияда Батыштын абдан олуттуу агентурасы иштейт, материалдык жана кадрдык мүмкүнчүлүгү кеңири, мындан тышкары, тажрыйбасы бай.
"Биз буга каршы туруу ыкмаларын иштеп чыгып жатабыз. Адатыбызча эле жамааттык Батыш деп келебиз, бирок кооптуулук ушул эле багыттан жаралбайт. Сириядагы окуялар көзөмөлдү колдон чыгаруунун аягы кандай болорун көрсөттү. Терс таасир тийгизе турган мигрция бар, өтө талуу маселе. Батыштын атайын кызматтары иштейт. Мындан башка көп кооптуулук бар. Суверенитетибиз менен коопсуздугубузду сактоо үчүн бирөөнү да көз жаздымда калтырбаш керек", — деди Климов.
Ал Россия президентинин Чоң Евразиядагы жамааттык коопсуздуктун бирдиктүү системасын түзүү боюнча сунушун эске салды.
"Бул бир катар көйгөйлүү маселелерди чечмек. Чечпесек, кыйын болуп калат. 1941-жылдын 22-июнунун кайталанышын эч ким каалабайт. Ага жол берилбеши керек", — деди Климов.