Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ ТИМи Украинага тынчтык орнотуучулардын кирүү ыктымалдыгына үн катты

Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Украинага Батыш өлкөлөрүнүн контингенттерин алып келип жайгаштыруу — коомчулуктун пикирин радикалдык сценарийлерге азыртадан көндүрө берүү. Мындай пикирин РФ ТИМ башчысынын орун басары Александр Грушко айтканын "Известия" жазды.
Буга чейин британиялык Times басылмасы кабары бар адамдарга таянып, Европа Украинага 10 миңден ашык аскерди — тынчтык орнотуучуну жайгаштырууга ниеттенип жатканын жазган. Анын негизги бөлүгүн Франция менен Улуу Британия жөнөтөрү маалымдалган. Мурда жөө аскер жиберебиз деген үчөөнө салыштырмалуу британиялык өкмөт башчы Кир Стармер "арбыныраак" аттандырып колдоо көрсөтмөк болгон эле. Мындан сырткары, 35ке чукул өлкө курал берүүгө, европалык миссиянын алкагында материалдык-техникалык жактан көмөктөшүп жана чалгындоо жагынан колдоо көрсөтүүгө макул болуп жатканы белгиленген.
Грушко чет элдик аскерлердин НАТОнун, БУУ, ал тургай ЕККУнун колдоосу алдында Украинага жайгашуусуна Россия кандай карайт деген суроого өзүнүн жообун айтты. НАТО менен тынчтык орнотуучу деген түшүнүк "бири-бирине такыр эле дал келбестигин", ал эми бул боюнча кеп кылуу "орунсуз жана акылга сыйбай турганын" белгилеген.
"Батыш өлкөлөрүнүн контингенттерин алып келип Украинанын аймагына жайгаштыруунун максаты — коомчулуктун пикирин радикалдык сценарийлерге азыртадан көндүрө берүү, согуштук психозду күчөтүү, Россияны "желмогуз" кылып көрсөтүү. Эске салсак, бир нече ай мурда мындай нерсенин болорун НАТОго мүчө мамлекеттер танган эле. Башкы катчысы да альянстын аскерлери кандай кырдаал болсо да ал жакка келбестигин бир нече ирет айткан", — деди Грушко.
Министрдин орун басары Украина боюнча тынчтык келишими иштелип чыккандан кийин гана кандайдыр бир, мисалы, куралсыз байкоочулар түрүндөгү "эл аралык коштоолор" болорун түкшүмөлдөгөн.
Буга чейин РФтин тышкы иштери министри Сергей Лавров Москва НАТОго мүчө мамлекеттердин аскерлеринин Украинага тынчтык орнотуучу катары киришин эч кандай шарт менен кабыл албай турганын белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров Украинага тынчтык орнотуучуларды киргизүү тууралуу пикирин айтты