Пресс-борбор

Кыргызстан менен Тажикстан күмөнсүүгө карабай чек арасын чече алды. Эксперттик пикир

Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстан күмөнсүүлөргө карабай мамлекеттик чек ара боюнча маселеге чекит кое алды. Бул тууралуу Sputnik маалымат борборунда өткөн видеокөпүрөдө РФ Илимдер академиясынын Примаков атындагы Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер илим-изилдөө институтунун Борбор Азия секторунун башчысы Станислав Притчин билдирди.
Эксперт чек ара тууралуу макулдашууну тарыхый жетишкендик деп баалаган.
"Чек ара маселеси кайсы бир деңгээлде тажрыйбалуулуктун көрсөткүчү болуп саналат. Өлкөлөрдүн мунасага келип эки жыл тынбай иштеген жумушчу топ түзүүгө саясий эрки жетти. Буга ишенбегендер көп эле. Мен да бул процесстен күмөнсүп келгенимди жашырбай эле коеюн, кудай жалгап, пессимисттик сценарийлер ишке ашкан жок. Жакын арада Фергана өрөөнүндө жайгашкан үч мамлекеттин саммити өтөт. Бул, менин баамымда, Борбор Азиядагы ынак коңшулукту бекемдеген жолугушуу болот", — деди Притчин.
Эскерте кетсек, 13-март күнү Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашууга кол коюшкан. Эки өлкөнүн чек арасынын узундугу 970 чакырымдан ашат.
Жапаров: кыргыз-тажик чек арасы эки элдин достугунун чек арасына айланат