Жалал-Абадда энеси менен бараткан балдарды унаа сүзүп, 5 жашар кыз чарчап калды

Рулдагы айдоочу. Иллюстративдик сүрөт
Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Жалал-Абад шаарында жол кырсыгынан кийин беш жаштагы кыз каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ саат 21:00дөр чамасында болгон.
"Тротуарда энеси менен келе жаткан үч жана беш жаштагы балдарды BMW сүзүп, айдоочусу качып кеткен. Кырсыктан эки бала жаракат алып, жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Кичинекей кыз окуя болгон жерде каза болуп калган", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле 25 жаштагы айдоочу табылып, убактылуу кармоочу жайга камалганын кошумчалашты.
Өрттөнүп жаткан автоунаа. Архив
Бишкек — Ош жолунда аласалып кеткен унаа өрттөнүп, 2 адам каза болду. Видео