Бишкекте дагы эки бөбөк көп кабаттуу үйдөн кулап каза болду

Батирдин айнегин жанында турган балдар. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Бишкекте дагы эки бөбөк көп кабаттуу үйдөн кулап, экөө тең каза болду. Бул тууралуу Ленин РИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн болжол менен саат 17:00дөр чамасында Киев —Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн биринде болгон.
Анда 9-кабаттан болжол менен 4-5 жаштагы эки бала кулап кеткен. Жеринде Тез жардам кызматы менен милиционерлер иштеп жатат.
Ушундай эле кырсык бүгүн 7-кичи райондо болгон. Анда 6-кабаттан 6 жаштагы кыз кулап, ооруканада үзүлгөн.
Рулдагы айдоочу. Иллюстративдик сүрөт
Жалал-Абадда энеси менен бараткан балдарды унаа сүзүп, 5 жашар кыз чарчап калды