Бишкекте кичинекей кыз 6-кабаттан кулап, ооруканада каза болду

Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Бишкекте кичинекей кыз 6-кабаттан кулап, ооруканада каза болду. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн 7-кичи райондо жайгашкан үйлөрдүн биринде болгон.
"Ыкчам-тергөө топтун текшерүүсүндө алты жаштагы А.А. атуу кыз 6-кабаттан кулап кеткени аныкталды. Ал алган жаракаттарынан улам ооруканада үзүлгөн", — деп жазылат маалыматта.
Учурда өлүмдүн так себебин аныктоо үчүн керектүү экспертизалар дайындалганы кошумчаланды.
Жалал-Абадда энеси менен бараткан балдарды унаа сүзүп, 5 жашар кыз чарчап калды