Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Трамп Путинден курчоодогу украиналык миңдей аскерге ырайым кылууну суранды

Курск облусунда россиялык аскер кызматкерлери
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар.— Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Россиянын башчысы Владимир Путинден Курск облусундагы Украинанын аскерлерине ырайым кылууну суранганын билдирди.

“Учурда украиналык миңдей жоокер россиялык күчтөрдүн курчоосуна алынган, алар өтө оор абалда. Мен президент Путинден аларга ырайым кылууну сурандым”, — деп билдирген Трамп Truth Social социалдык тармагындагы баракчасында.

АКШ президенти кечээ, 13-мартта, РФ лидери менен болгон сүйлөшүү жемиштүү өткөнүн кошумчалаган. Ал Украинадагы жанжалды токтотууга жакшы мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Песков: Путин Уиткофф аркылуу Трампка кошумчалай тургандарын айттырды