Бишкекте жылуулук берүү 17-мартта токтотулат

Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Бишкек шаарында жылуулук берүү 17-мартта токтотулат. Бул тууралуу мэрия билдирди.
“Шаардыктарга жылуулук үзгүлтүксүз берилди”, — деп айтылат маалыматта.
Муниципалитет реформалардын алкагында “Электр станциялары” ААКнын, “Бишкек жылуулук электр борбору” жана “Бишкек жылуулук” ишканасынын филиалдарынын мүлк комплекстери мэриянын балансына өткөнүн эске салды.
Министрлик 89,7 миң абонент үчүн электр энергиясынын тарифин көтөрүүнү сунуштады