БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Кытай тарап Ак-Суу — Балыкчы темир жолун Бедел ашуусу аркылуу курууну сунуштады.
Мындай демилгени КЭРдеги Ак-Суу округунун губернатору Адили Али Бишкекте министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев менен жолукканда көтөрдү.
Тараптар өткөн жылдын сентябрь айында ачылган Бедел көзөмөл-өткөрүү жайынын инфраструктурасын өнүктүрүү маселесин талкуулашкан.
"Бедел" — Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы үчүнчү өткөрүү пункту болуп калды.
Буга чейин Садыр Жапаров Барскоон — Үчтурпан — Ак-Суу автомобиль жолу куруларын айткан.