Туугандары алып кетпеген сөөктөрдү медиктерди окутуу үчүн берүү сунушталды

Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Туугандары алып кетпеген сөөктөрдү медициналык билим берүү жана илим-изилдөө мекемелерине өткөрүп берүү тартибин жөнгө салуу сунушталды.
Депутат Жылдыз Садырбаева өлкөдө 34 миңден ашуун студент медициналык багытта билим аларын, бирок анатомиялык материалдардын жетишсиздиги окуу сапатына терс таасирин тийгизип жатканын белгилеген.
Акыркы эки жылда Республикалык патологоанатомиялык бюродо 41 сөөктү туугандары алып кеткен эмес. Ал эми Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунда 2020-жылдан 2025-жылдын февраль айына чейинки мезгилде туугандары алып кетпеген сөөктөрдүн саны 1214кө жеткен.
Мындан улам "Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" мыйзамга "туугандары алып кетпеген сөөк" деген түшүнүк киргизилип, аларды илимий жана билим берүү максаттары үчүн өткөрүп берүүнүн механизмдерин белгилөө сунушталган.
Төмөнкүдөй учурларда сөөктөрдү берүүгө тыюу салынган:
зомбулук менен өлтүрүлгөн белгилердин болушу;
өлгөн адамдын ким экендиги аныкталбаса;
Кыргызстандын чегинен сырткары берүүгө.
"Сөөктөр жана ткандар 10 жылдан ашык эмес пайдаланылат. Андан кийин калдыктар милдеттүү түрдө көмүлүүгө тийиш. Өлгөн адамдын туугандары кайрылып калса иштерди токтотуп, пайдаланган уюмдун эсебинен көмүү милдеттендирилет", — деп айтылат маалыматта.
Саламаттык сактоо министри: маркумдун 7-8 органын трансплантацияласа болот