"Кылмыштуулук азайды". РФте эмгек миграциясы майзамдаша баштаганын айтышты

Красноярскидеги кийим базарда иштеген мигрант аял. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Россияда эмгек миграциясы мыйзам чегинде боло баштап, түзүлгөн эмгек келишимдер арбыган. Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы жазды.
РФтин Ички иштер министрлиги эмгек мигранттары жасаган кылмыштар өткөн жылы 9 пайызга азайгандыгын кабарлаган.
"Россиянын эмгек миграциясында мыйзамдар сактала баштады. 2024-жылы иш берүүчүлөрдүн чет элдик жумушчулар менен түзгөн эмгек келишимдери жалпы көлөмдөн алып караганда үчтөн бирге көбөйгөн. Тагыраагы, саны үч миллионго жетти", — деп айтылган маалыматта.
Муну РФ ИИМинин маалыматтары тастыктаган.
"Россиянын аймактарынын бюджетине патент менен иштеген чет элдиктердин кирешелеринен которулган акча 6,1 пайызга өскөн", — деп аталган министрликке таянып Telegram-канал билдирди.
Рубль менен алганда сумма 123 миллиард доллардан ашкан.
Тамак-аш жеткирүү кызматынын кызматкери заказ чогултуп жатат. Архив
Лавров эмгек мигранттары үчүн талаптардын катаалдашы боюнча комментарий берди