БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Ички иштер министрлиги "Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдар жөнүндө" мыйзам долбоорун даярдады. Тиешелүү документ коомдук талкууга чыгарылды.
Мыйзам долбоору 2025-2030-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиянын алкагында даярдалган. Эгер күчүнө кирсе, анда 2019-жылдагысы күчүн жоготору белгиленип, буга документте маалымат берүүчүлөрдү коргоо механизмдери жок экени жүйө келтирилген.
Сунушталып жаткан мыйзамга ылайык, коррупция жөнүндө маалымат берип, анысы тастыкталгандар коргоого алынат. Ал үчүн интернет аркылуу же түз компетенттүү органдарга кайрылып, коомго жарыяласа болот. Жалган маалымат, мамлекеттик жана башка корголуучу купуя сыр камтылган жана жеке кызыкчылыктар үчүн жазылган арыздар кабыл алынбайт.
Маалымат берген адамдын коопсуздугу, купуялуулугу сакталып, юридикалык көмөк көрсөтүлөрү айтылган.