БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Айымдар — коомубуздун ажырагыс бөлүгү гана эмес, анын кыймылдаткыч күчү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Аялдардын эл аралык күнүнө карата куттуктоосунда айтылат.
Өлкө башчы бул дата аялзатынын үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактап, келечек муунду тарбиялоодогу ордун жана коомдун өнүгүүсүнө кошкон салымын белгилөөчү күн экенин айткан.
"Эзелтен эле кыргыз эли аялзатын ажарлуу эже-карындаш, сүйүктүү жар, эң башкысы, теңдеши жок мээримдүү эне катары баалап-барктап, урматтап-сыйлап келген", — деп айтылат куттуктоодо.
Учурда Кыргызстан туруктуу өнүгүүнүн өбөлгөсү болуп саналган аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана гендердик теңчилик принциптерин бекем карманарын белгилеген.
"Кыргыз коомчулугунда аялзаты үйдүн куту, коломтонун ээси гана болбостон, билим, илим, маданият, экономика, саясат жана жаңы технологияларды өнүктүрүүдө дагы өзгөчө орунду ээлейт. Айымдар – коомубуздун ажырагыс бөлүгү гана эмес, анын кыймылдаткыч күчү. Азыркы тапта ар тармактагы мекемелерди, ишканаларды ийгиликтүү жетектеп, инновациялык стартаптарды өнүктүрүп, Кыргызстанды эл аралык майданга таанытып, мамлекеттик башкарууга жана коомдун ишмердүүлүгүнө жигердүү катышкан кыз-келиндерибиз арбын", — деген Жапаров.
Мамлекет башчы өлкөдө 2030-жылга чейин аялдардын экономикалык көз карандысыздыгын бекемдеп, карьералык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзгөн аялдар лидерлигин өнүктүрүүгө багытталган программа ишке ашырылып жатканын кошумчалаган.
Мындан тышкары, ал быйыл аялдар кыймылынын 100 жылдык мааракеси белгиленерин эскертти.