БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Бишкектеги Алматы көчөсүндөгү унаа оңдоочу жай өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, жерине үч эсеп тартылып, жалын 15:15те чектөөгө алынган. Ал эми 16:03тө толук өчүрүлгөн.
"Алдын ала маалымат боюнча, өрттүн жалпы аянты 150 чарчы метрди түзгөн, төрт унаа толугу менен күйүп кетти", — деп айтылат маалыматта.
Адамдардын арасынан жабыркагандар жок экени кошумчаланды.