Россиядан электр энергиясын импорттоо январда 2,4 эсе жогорулаган

Бишкектеги электр линиялары. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Россиядан электр энергиясын импорттоо январда 2,4 эсе көбөйгөн. Бул тууралуу КМШнын энергетикалык кеңешинин маалыматында айтылган.
Ага ылайык, электр энергиясынын импортунун көлөмү Казакстандын электр тармактарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүнө жараша аныкталат.
"Россиянын "Интер РАО" компаниясынан 34,7 миллион кВт/саат электр энергиясы импорттолгон. Бул көрсөткүч 2024-жылдын январындагыдан 20,3 миллион кВт/саатка көп. 35 миллион кВт/саат электр энергиясы кыш мезгилинде жалпы Кыргызстанды 12 саат бою камсыздоого жетет", — деп жазылган маалыматта.
Аталган компания 2023-жылдын 15-апрелинен тарта Кыргызстанга электр энергиясын сата баштаганы кошумчаланды.
Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстан 3 миллиард кВт/саат электр энергиясын импорттой турганын, анын баасы 1 кВт/саатына 3 сом 50 тыйын экенин билдирген.
Токтогул ГЭСи. Архив
Кыргызстанда электр энергиясын иштеп чыгаруу кыскарды. Себеби